Казакстан Евразия мейкиндигинде жана дүйнө жүзүндө тышкы саясаттын тең салмактуу жана конструктивдүү үлгүсүн көрсөтүүдө. Натыйжада, өлкөлөр натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жол ачат. Казакстан-Евразия континентинин борборунда жайгашкан. Ошондуктан континенталдык диалог мамлекет үчүн абдан актуалдуу. Бул тууралуу Орусиянын Казакстандагы элчиси Алексей Бородавкин эл аралык тегерек үстөлдө билдирди. Коллегиялык кеңешмеге дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, эки өлкөнүн серепчилери жана окумуштуулары катышты. Катышуучулардын пикири боюнча, Казакстан КМШ, Шанхай кызматташтык уюму,Жамааттык коопсуздук Келишим Уюму, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңеш сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар жана түзүмдөр түзүлгөндөн бери негизги ролду ойноп келет. Мындан тышкары, бул эл аралык бирикмелердин ортосунда диалогду жөнгө салуу жана байланыштарды өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ. Жолугушууда өлкөнүн аймактык коопсуздукту бекемдөөдөгү жана Казакстан-Орусия кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү, анын ичинде саясий, экономикалык, гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Алексей Бородавкин, Орусия Федерациясынын Казакстан Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Экономикалык байланыштар күч алууда. Былтыр эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 30 миллиард долларга жеткен. Инвестициялык байланыш дагы бар. Расмий статистика боюнча, 2024-жылы биз Казакстанга 4 миллиард доллардан ашык каражат салдык. Биргелешкен ишканалар да жемиштүү иштеп жатышат.
Төлеутай Сулейменов, Президент алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору:
- Казакстан-Орусиянын Евразия мейкиндигиндеги башкы өнөктөштөрүнүн бири. Биз Орусия Федерациясы, Беларусь жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө башка мамлекеттер сыяктуу эл аралык экономикалык уюмдун өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп жатабыз. Интеграция жыл сайын күч алууда. Демек, бул Евразия мейкиндигинин экономикасына чоң салым.
Которгон: Илгиз Жамлабеков

