Түркмөнстандын президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди

Түркмөнстандын президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди

Түркмөнстандын президенти Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди. Касым-Жомарт Токаев Сердар Бердымухамедовду Астана эл аралык аэропортунда жеке өзү тосуп алды. Урматтуу коноктун урматына ардактуу кароол тизилди. Эске сала кетсек, Түркмөнстандын президенти өлкөгө мамлекет башчысынын чакыруусу менен келди. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Өлкө жетекчилери Казакстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо келечегин талкуулоону көздөп жатышат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков