Алматы облусунда жазгы талаа жумуштары күч алды. Аймак
дыйкандары быйыл кылкандуу дан эгиндерин, май өсүмдүктөрүн,
ошондой эле, жашылчаларды,
картошканы жана тоюттарды себишет. Мындагы айдоо аянттарынын жалпы аянты 500
миң гектарга жакын. Азыркы убакытта дыйкандар жерди соко
менен айдоого киришти. Рахат Өмирзаков адаттагыдай эле оор сезонго эрте
даярданып, ар бир өнөктүккө жаңы технология менен кирүүгө аракет кылууда. Учурда өнөктүктүн
негизги жумуштары аяктоо алдында турат. Азыр ал бир айдоо жерине жаздык арпа
сепсе, экинчи жерге жүгөрү же көп жылдык чөп себүүнү
мерчемдөөдө.
Рахат Өмирзаков, дыйкан:
-
Албетте чоң
мерчемдер бар. Жазгы мээнеттин
үзүрүн көрүшүбүз керек. Акыркы үч жылдын ичинде карантин сыяктуу ар кандай
окуялар болду. Биз ушунун баарына карабай өзүбүздүн негизги ишибизди
токтоткон жокпуз. Жыл сайын ушул ишибизди өнүктүрүп, жакшыртып келебиз.
Өткөн жылы мамлекеттик субсидиялардын жардамы менен бул
жердеги айыл чарба техникасынын бөлүктөрү азыркы кездеги үлгүлөрүнө жаңыртылган. Бул жерди терең иштетип, топуракты
абага каныктырып,
мол
түшүм алууга себеп болгон.
Серик Нагызбаев кесипкөй механизатор. Тажрыйбалуу адис
айдап-себүү өнөктүгүнүн сырын толук өздөштүргөн. Азыр ал күнүнө 25 гектарга
чейин жер айдайт. Дыйкандар дан эгиндеринин үрөнүн кылдаттык менен тандап
алышат. Ошондой эле, түшүмдүүлүктү
арттыруучу жер семирткичтер менен байытат.
Серик Нагызбаев, механизатор:
- Дан эгиндеринин арасына арпа себебиз. Бүгүн 400 гектар жерге эгин айдадык. Дагы 200 гектар аянтты пландаштырып жатабыз. Алматы облусунда дан эгиндерин чын куран айынын 25не чейин аяктоо керек. Анткени андан алыс калсак жердин нымдуулугу, өнүмдүүлүгү менен касиети жоголот.
Түшүм жыйноо үчүн жазында топурактын нымдуулугунун керектүү өлчөмдө болушу да абдан маанилүү. Бир центнер буудай алуу үчүн анын өлчөмү сегиз миллиметрге жакын болууга тийиш. Натыйжада ар бир гектардан 20-25 центнерден дан алууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков