Казакстан президенти жогорку аудит палатасынын төрагасын кабыл алды

Казакстан президенти жогорку аудит палатасынын төрагасын кабыл алды

Өткөн жылы ата мекендик аудиторлор 27 объектте 214 текшерүү жүргүзүшкөн. Иш-чаралардын жыйынтыгында өлкө бюджетине 135 миллиард теңге кайтарылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5 эсе көп. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Президентине Жогорку аудит палатасынын төрагасы билдирди. Алихан Смаиловдун айтымында, курулушта, кайра иштетүү өнөр жай долбоорлорун каржылоодо, агроөнөржай комплексин субсидиялоодо системалык кемчиликтер байкалган. Аларды жоюу үчүн мекеме өкмөткө сунуштарды жана жооптуу мамлекеттик органдарга буйруктарды жөнөттү. Ушул эле жылы Астанада, Алматыда жана бир нече аймактарда 40тан ашык аудитордук текшерүү жүргүзүү мерчемделүүдө. 

Алихан Смаилов, Жогорку аудит палатасынын төрагасы: 

- Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Астана жана Алматы шаарларынын, Түндүк Казакстан, Костанай жана Жамбыл облустарынын, ошондой эле «Самрук-казына» фондунун, «Казатомпром» улуттук компаниясынын, KEGOC электр тармактарын башкаруу компаниянын, ӨКМдин бюджеттеринин аткарылышын текшерүү жүргүзүлөт. Мындан тышкары, аудит илим, коргонуу, спорт жана башка тармактарды камтыйт. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы бюджеттик каражаттардын пайдаланылышына натыйжалуу көзөмөлдү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик аудит системасын өркүндөтүү боюнча ишти улантууну тапшырды. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков