Казакстанда өнөржай коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар күчөтүлөт

Казакстанда өнөржай коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар күчөтүлөт

Казакстанда өнөржай коопсуздук объектилеринин паспортторун түзүүгө, аварияларды эсепке алууну жана башка процесстерди автоматташтырууга мүмкүндүк берген маалыматтык система ишке киргизилет. Бул тууралуу өкмөттө Президенттин кооптуу өндүрүштөрдөгү жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу жыйында белгилүү болду. Коопсуз эмгек концепциясынын алкагында объектилерди санариптештирүүнү эске алуу менен ченемдик-укуктук актылар кайра каралат. Өндүрүштүк көзөмөлдүн стандарттары, авариялык-куткаруу кызматтарына талаптар күчөтүлөт. Өндүрүш объекттеринин ээлерине жабдууларды жаңылоо жана жаңыртуу боюнча жаңы милдеттер каралган.  

Которгон: Илгиз Жамалбеков