Казакстан президенти КЭРнын төрагасынын чакыруусу менен Кытайга барат

Казакстан президенти КЭРнын төрагасынын чакыруусу менен Кытайга барат

Касым-Жомарт Токаев Төрага Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытай Эл Республикасына барат. Сапардын алкагында өтө турган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө казак-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөө мүмкүнчүлүгү талкууланат. Баш оона айынын 31, аяк оона айынын 1 күндөрү Казакстандын Президенти Тяньцзинь шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана «ШКУ плюс» жыйынына катышат. Эртеси күнү Мамлекет башчысы Бээжинде Казакстан – КЭР Ишкердик кеңешинде сөз сүйлөп, КЭРнын ири компания жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Ал эми аяк оона айынын 3дө Касым-Жомарт Токаев Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага мартабалуу мейман катары катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков