Нооруз
майрамы күндөрү дүйнөнүн беш континентинде казак күүлөрү биринчи жолу ондогон дүйнөлүк
радиостанциядан жаңырып жатат. Бул күндөрү Курмангазы атындагы оркестрдин аткаруусундагы
казак композиторлорунун чыгармалары Испания, Бразилия, Индия, Вьетнам, Таиланд,
Малайзия, Иран, Түштүк Африка, Түркия, Грузияда казактын кара домбрасынын үнү менен
жаңырып, чындыгында майрамдык атмосфера тартуулайт.
Муну менен катар, өлкөнүн тышкы саясат
бөлүмү белгилегендей, Казакстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана
дипломатиялык өкүлчүлүктөрү күн менен түндүн теңелүүсүн диаспоралар жана түрдүү
программалар менен белгилешет.
Айбек Смадияров, Тим Расмий Өкүлү:
- Нооруз майрамы өзгөчө белгиленет. Андыктан, биздин бардык
элчиликтер, дипломаттар, чет жерде жүргөн казактар баары бирге чогуу майрамдайт деп ойлойбуз. Чет өлкөдө
жашаган бардык казакстандыктар элчиликке келип, Ноорузду чоң форматта майрамдашууда.
Маселен, казактар көп жайгашкан мамлекеттерде чоң диаспоралар менен биргеликте
боз үй тигип, ар кандай сынактарды уюштурушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков