Түркмөнстандын Казакстандагы маданият күндөрү өтүп жатат

Түркмөнстандын Казакстандагы маданият күндөрү өтүп жатат

Борбор калаада Түркмөнстандын Казакстандагы маданият күндөрү өтүп жатат. Иш-чаранын алкагында боордош өлкөнүн руханий жана маданий баалуулуктарын көрсөтүү боюнча бир катар маанилүү иш-чаралар уюштурулууда. Калибек Куанышбаев атындагы театрда боордош түркмөн элинин колдонмо-искусствосунун көргөзмөсү болду.

Андан кийин Түркмөнстандын эл артисттери, эмгек сиңирген ишмерлери өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, көрүүчүлөрдүн алкышына ээ болду. Бул чыгармачылык кечеде коңшу мамлекеттердин элдик ырлары, бийлери, дастандары жаңырды. 

Мындан тышкары көрүүчүлөрдүн назарына көркөм тасмалар, спектаклдер коюлат. Эки өлкөнүн артисттери биргелешип концерт беришет. Дегеле Түркмөнстандын артисттери Казакстанга келип, өз өнөрлөрүн тартуулоо чоң сыймык экенин айтышып, эки өлкөнүн достук, бир туугандык мамилесин чыңдоого салым кошуп жатканына кубанычта экендиктерин айтышууда. 

Белгилей кетсек, Түркмөнстандын Казакстандагы маданият күндөрү кулжа айынын 27не чейин уланат.

Байрамсолтан Гурбанова, акын:

Казак эли байыркы замандан бери биздин коңшубуз. Биз Каспий деңизин бирге жээктеп отурабыз. Биздин коңшулук боордоштуккаайланды. Эки эл бири-бирин бир туугандай көрүшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков