Ушул ишембиде, аяк оона айынын 20да Silk Way Star эл
аралык ыр сынагынын бет ачары болот. Бардык эпизоддор Jibek Joly/Silk Way каналында
жана катышуучу өлкөлөрдүн телеканалдарында көрсөтүлөт. Долбоор 1 миллиарддан
ашык көрүүчүгө жетет деп күтүлүүдө. Ал казак, кытай жана англис тилдеринде
көрсөтүлөт. Көрүүчүлөр телеберүүнү онлайн режиминде TV+ аркылуу да көрө алышат.
Бул платформа шоуну жогорку сапатта сунуштайт. TV+ өтө тез 10G интернетти камтыйт.
Айгүл Есимова, «Казактелекомдун» абоненттик бөлүмүнүн
жетектөөчү адиси:
- Эми биз TV Plus'ты жогорку ылдамдыкта, акылдуу үй
функциялары менен сунуштай алабыз жана биз мурда сунуш кылган бардык
программаларды жогорку ылдамдыкта жана тез жүктөө менен алууга болот. Бул 10G
интернет байланышына бир эле учурда 64кө чейин түзмөк туташа алат.
Ошондой эле Silk Way Starдын бардык эпизоддорун TV+ платформасында түз эфирден кийин, каалаган убакта жана каалаган түзмөктөн көрүүгө болот. Тиркеме ошондой эле шоунун жаңы эпизоддорунун премьераларын жарыялайт. Вокалдык сынакка Жибек Жолунун боюндагы 12 өлкөнүн: Казакстан, Азербайжан, Армения, Грузия, Кытай, Кыргызстан, Малайзия, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Түштүк Кореянын артисттери катышты. Катышуучулар өз өлкөлөрүндө популярдуу артисттер.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

