Астаналык окуучулар байыркы музыкалык аспаптар менен таанышты

Астаналык окуучулар байыркы музыкалык аспаптар менен таанышты

Борбор калаанын окуучулары байыркы казак музыкалык аспаптары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар көрүп гана тим болбостон, уникалдуу үнүн жана обонун угушту. Туңгуч президенттин музейи мектеп окуучулары үчүн интерактивдүү лекция-концерт уюштурду. Мамлекеттик академиялык филармониянын музыканттары өзгөчө колдоо көрсөтүштү. Иш-чара казак композитору, дирижер Нургиса Тлендиевдин 100 жылдыгына арналды. Чогулгандар домбра, кобыз сыяктуу башка аспаптарда да ойноп, алардын өзгөчө үнүнө кулак түрүштү. Ал эми лекция учурунда балдарга казак куурчак өнөрүнүн башаты – «Ортеке» тууралуу кеңири айтылды. Белгилей кетсек, иш-чара «улуттук кенч» маданий-маалыматтык долбоорунун алкагында колго алынууда. Максаты-жаш муундарды бай жана кайталангыс маданий мурастар менен тааныштыруу, улуттук баалуулуктарыбызды сактоо жана жайылтуу.

Кайыржан Коңыршин, Туңгуч президент музейи коомдук фондунун экскурсиялык кызматынын жетекчи серепчиси:

- Лекция программасынын биринчи бөлүгү слайддык материалдарды камтыйт. Бул теориялык жагы. Слайддын жардамы менен байыркы заманда, орто кылымдарда биздин ырчылар ойногон музыкалык аспаптарды фото сүрөт аркылуу көрсөтөбүз. Келечек муундарды тарых менен тааныштырып, мындай аспаптардын болгондугун алар билсе экен дейбиз. Өткөн чагыбызды билип, алар жаңы маалымат алышат. Тилекке каршы, мындай уникалдуу музыкалык аспаптар азыр музейде гана турат.

Окуучу:

- Домбранын түрлөрү болот. Чертер дегенин көрдүм. Мен буга абдан таң калдым. Биз тарыхыбызды билишибиз керек. Айрыкча домбра тууралуу. Бул казак элинин эң кеңири тараган эки кылдуу музыкалык аспабы. Абдан маанилүү иш-чара болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков