Казакстанда алгачкы жолу немис операсы жаңырды

Казакстанда биринчи жолу немис операсы ырдалды. «Астана Опера» театрынын жамааты көрүүчүлөргө «Ыктыярчы мерген» аттуу концерттик спектаклин тартуулады. Айта кетсек, премьера театрдын быйылкы сезонун жапты. Сахнада «Ыктыярдуу мерген» чыгармасын аткарууга оркестр, хор жана солисттер катышты. Кеченин дагы бир өзгөчөлүгү – бир ролго бир нече артисттин катыштырулуусу болду. Бул башкы дирижер Алан Бөрибаевдин сунушу. Ал казак сахнасында көрүүчүлөргө жаңы спектакль тартуулагысы келгенин жашырган жок.

Алан Бөрибаев, эмгек сиңирген ишмер:

– Менимче, сезондун акырында бул жаңы, чыгармачылык тепкичти басып өтүүгө бел байлаган артисттерибиз менен симфониялык оркестрибиз үчүн женил болгон жок. Бирок, биздин бул демилге жамаатка жаңы дем берип, чыгармачылык жактан өсүшүнө шарт түзөт деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков