Бүгүн дүйнөгө таанымал ырчы жана композитор Димаш Кудайбергендин туулган күнү. Мааракеге карата дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн ырчынын күйөрмандары чын жүрөктөн куттуктоолорун жолдошту. Алар Казакстандын желегин желбиретип, улуттук кийимдерди кийип, казак тилинде ырларды аткарып, Камажай бийин бийлешти. Белгилей кетсек, Димаш 2017-жылы КЭРда «I'm singer» долбоорунда уникалдуу үнү менен көрүүчүлөрдү таң калтырган. Казак ырчысы улуу талаа өлкөсүнүн өнөрү менен маданиятын бүткүл дүйнөгө көрсөтүп, миллиарддаган элдерге таанытты. Бүгүнкү күндө казак тилин үйрөнүп, ырчынын туулган жерине барууну каалаган күйөрмандарынын саны жылдан жылга көбөйүүдө.
Ал эми Димаш туулган күнүн күйөрмандары менен бирге белгилейт. Ал Стамбулда өзүнүн жеке концертин берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков