Казакстандын кино күндөрү бештин айынын 10у, 11и өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө режиссёр Иван Ардашов тарткан “Кенже кыз” анимациялык тасмасы көрсөтүлөт. Тасманын сюжети аны тоготпогон бир туугандарын таң калтырам деп, жаңылышып, жинди боштондукка чыгарып жиберген кичинекей кыз тууралуу баяндалат. Эми зулум жин бардык күчүн топтоп, өз аскерин чакырганга чейин аны токтотуп калуу керек. Ошондой эле, көрүүчүлөргө режиссер Ернар Нургалиев тарткан “Алга” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Тасманын сюжетине ылайык, бир тууган эки жигит атасы каза болгондон кийин уурулук менен күн көрө баштайт. Бир күнү шаардан айылга таланттуу жаштарды тандоо үчүн келген машыктыруучу экөөнү байкап калып, машыгууга чакырат. Бир туугандар канча сыноолордон өтүшпөсүн, багынбоого бел байлайт. Баштарынан өткөргөн окуя алардын жашоосун өзгөртөт. Бир туугандардын бири марафонго даярданып, дүйнө чемпионунун рекордун жаңыртууну чечет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков