Түркмөнстандын «Аркадаг» футбол клубу маанилүү эл аралык
матчка даярдыкты баштады. Ал бирдин айынын 11де Азия футбол конфедерациясынын
экинчи Кубогонун 1/8 финалында Сауд Арабиясынын Аль-Наср клубу менен беттешке
чыгат. Оюн Ашхабад Олимпиадалык стадионунда өтөт. Жооптук беттеш бирдин айынын
18де Сауд Арабиясында өтөт. Криштиану Роналду баштаган «Аль-Наср» менен
Борбордук Азиядагы алдыңкы клубдун бири катары таанылган «Аркадаг» оюнуна
кызыгуучулук жогору. Айта кетсек, футбол Түркмөнстанда эң белгилүү спорт түрү.
Даянч Мередов, «Аркадаг» футбол клубунун
чабуулчусу:
- Даярдык кызуу жүрүп жатат. Команда оюнду пландоо, ылдамдык жана оюн талаасындагы өз ара иш-кыймылды уюштурууда. Биз каршылаштын деңгээлин жакшы түшүнөбүз жана бирдин айынын 11де өтүүчү маанилүү оюнга даярдык менен барабыз. Өз жерибизде ойноо биз үчүн чоң артыкчылык. Чечүүчү сааттарда командага күйөрмандардын колдоосу жардам берет.

