Касым Жомарт Токаев үстөл
тенниси боюнча Казакстан Президентинин ачык кубогуна барды. Мелдештин негизги
иш-чараларынын бири – бул спорттун түрү боюнча дүйнөлүк жылдыздардын
катышуусундагы шоу-матч болду. Мамлекет башчысы Олимпиада чемпиону Сюй Синь,
дүйнө чемпиону жана Олимпиаданын байге ээси Вернер Шлагер, дүйнө чемпиондору
Фан Бо жана Чу Се Хёк менен баарлашты. Турнирге дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 300дөн
ашуун спортчу катышты. Алардын арасында ITTF рейтинги боюнча эң мыкты 100
теннисчинин катарына кирген оюнчулар жана Казакстандын таанымал спортчулары бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

