Париж Олимпиадасынын жеңүүчүлөрү Казакстанга кайтып келишти

Париж Олимпиадасынын жеңүүчүлөрү Казакстанга кайтып келишти. Бокс боюнча күмүш медаль уткан Нурбек Оралбай Астанага учуп келди. Борбор калаанын аэропортунда майрамдык маанай өкүм сүрдү. Спортчуну мекендештери – желектери, баннерлери, ырлары жана каалоолору менен кызуу тосуп алышты. Нурбек Оралбай үйүнө башка даражадагы медаль алып келгиси келгенин мойнуна алды.

Нурбек Оралбай, Париж Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси:

– Бул менин биринчи олимпиадам. Албетте, кыйын болду. Биринчи беттештен баштап атаандаштарым күчтүү болушту. Албетте, жеңилүү эмес, жеңишке жетүү, колунан келгендин баарын кылууга аракет көрүп барышат. Ошентип, мен  да «алтын» үчүн Олимпиадага бардым. Тилекке каршы, мен экинчи орунду алдым.  Бирок кийинки Олимпиадада колумдан келгендин баарын жасайм деп ойлойм.

Ошондой эле Алматынын аэропортунан ыр күү менен Назым Кызайбайды тосуп алышты. Жеке өзүн куттуктоо үчүн  жүздөгөн бокс күйөрмандары, туугандары жана жакындары куттуктап келишти. Эскерте кетсек, спортчу кыз 50 килограммга чейинки салмак категориясында жарым финалга чейин жетип,  өлкө намысын коргоп, бокс боюнча коло медаль тагынды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков