V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Америка Кошмо Штаттарынан келген 9 ковбой ат үстүндөгү өнөрүн, аракетин жана шамдагайлыгын көрсөтүүгө ниеттенүүдө. Алар көкпардан мелдешке катышат. Чет элдик коноктор түрк мамлекеттеринин улуттук оюнуна социалдык тармактардагы видеосабактар аркылуу даярданышканын айтышууда. Ковбойлордун айтымында, «көкпар» менен «көк бөрү» алардын улуттук «радео» оюндарына окшош болгондуктан даярдыгыбыз жакшы дешет. Америкалык спортчулар мелдеште жергиликтүү аттарды минип, татыктуу жыйынтык көрсөтөөрүнө ишенишет.
Скотт Циммерман, АКШ курамасынын капитаны:
– Көчмөндөр оюнуна үчүнчү жолу катышып жатам. Бир ирет көкпар ойносоң, байланып каласың. Бул оюн мени толугу менен өзүнө тартып алды. Ошондуктан, кайрадан анын кызыгына бөлөнүү мүмкүнчүлүгү пайда болгонуна абдан кубанычтабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетүү – бул кыял жана биз аны ишке ашырууга аракет кылабыз.
Лэдд Хауэлл, көкпардан АКШ курамасынын капитаны:
– Формада болуу үчүн күн сайын ат минем. Анда биз көкпар тартпайбыз, бирок биздин машыгуубуз бул оюнга абдан окшош. Казакстан менен Кыргызстандан келген досторубуз бизди ар дайым колдоп турушат. Алардын даярдыгын изилдедик. Бул спорт түрүнүн улантуучуларынын деңгээлине жетүү үчүн машыгууну 10 эселетүүбүз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков