Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды

Көчмөн элдердин улуттук руханий-маданий мурасын дүйнөгө тааныткан оюндар аяктады. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалпы командалык эсепте Казакстандын курама командасы 1-орунду ээледи. Мекендештерибиз 43 алтын, 32 күмүш жана 37 коло медаль менен мыкты ийгиликтерге жетишти. Экинчи орунда 19 алтын медалга ээ болгон Кыргызстандын курама командасы турат. Алдыңкы үчтүккө Орусиялык команда 12 алтын медаль менен корутундулады. Жалпы командалык эсепте 4-орун алган Өзбекстан курама командасы 11 алтын медалга ээ болгонун айта кетүү керек. Бешинчи орунду Түркиянын курама командасы 2 алтын медаль менен ээледи. Мелдешке 89 өлкөдөн 2 жарым миңге жакын спортчу катышты. Ал эми Кыргызстанда биринчи жолу 10 жыл мурда уюштурулган иш-чарага 19 өлкөдөн 600дөн ашык спортчу барган. Муну карап көрсөк, дүйнөлүк коомчулук көчмөн цивилизацияларга кызыкдар экенин байкоо кыйын эмес.

Джастин Хорн,  турист, Австралия:

- Борбор калаанын меймандостугу мени өзгөчө таң калтырды. Кайда барбайлы ачык- жаркын элдерди жолуктурдук. Көчмөндөр оюндары менин эсимде түбөлүккө калат.

Азим Эсенбек, спортчу, Кыргызстан:

- Казактарга чоң рахмат. Баары жогорку деңгээлде өттү.

Владимир Попов, сопортчу, Орусия:

- Эртең Орусияга кайтып кетебиз. Чынын айтсам, мен артка кайткым келбей жатат. Аэропорттон түшкөндөн баштап жакшы шарт түзүштү. Чоң рахмат!

Түрк элдеринин олимпиадасы болгон дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кийинки турнири 2026-жылы Кыргызстанда өтөт.

Которгон: Назира Бегалиева