Түркмөнстандык спортчулар кышкы Азия оюндарына даярданууда

Түркмөнстандык спортчулар кышкы Азия оюндарына даярданууда

Түркмөн спортчулары бирдин айынын  7-14 күндөрү Кытайда өтө турган кышкы Азия оюндарына даярданууда. Ашхабад спорт комплексинде күн сайын муз тебүүчүлөр бий менен машыгып, чеберчиликтерин арттырышууда.  Алардын бири өлкөнүн эки жолку чемпиону Лариса Вахитова. Ал машыктырычуусу жана тарбиячысы аталган өзүнүн апасы менен ар бир программаны иштеп чыгат. Мелдеште бүткүл кыймылдын кемчиликсиз аткарылышына жетишүү үчүн ар бир деталга көңүл бурулат. Ошондой эле кышкы Азия оюндарына биринчи жолу түркмөн шорт-трекчилери катышат.


Яна Вахитова, коньки тебүү боюнча машыктыруучу:


- Азыр кыздар күнүнө 3 маал машыгуудан өтүшөт. Бул эртең мененки машыгуу, физикалык даярдык, хореография, дене тарбия, техника, андан кийин музга чыгабыз. Анда машыктыруучу менен бирге программа бекемделет. Алар үчүн өзүнчө муз берилет жана бардык элементтерди кемчиликсиз аткаруу үчүн күчөтүлгөн даярдык көрүлөт.


Айханум Гуламалуева, Шорт-трек боюнча ага машыктыруучу:


- Биз биринчи жолу катышканы жатабыз. Спорттун бул түрү бизде эми гана башталып жатканына карабастан, биз өзүбүздү көрсөтүүгө жетиштик. Биз 2023-жылы «Азия балдарына», Кореядагы жарышка да катыштык. Келечекте мындай чоң аянттарда жана чоң мелдештерде биздин балдар жана спортчулар өлкөбүздүн намысын татыктуу коргошот деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков