Казак күрөшү
дүйнөнү багындырууда. Казакстан биринчи жолу аскер кызматкерлери арасында бул
спорт түрү боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүп жатат. Астанага 30 мамлекеттен
250дөн ашуун спортчу келди. Бул казак улуттук күрөшүнө болгон кызыгуу өсүп,
Борбор Азиянын чегинен алда канча алыска чыгып жатканын тастыктайт. Биздин
өлкөнүн атынан чемпионатта Куралдуу күчтөрдүн, Мамлекеттик күзөт кызматынын
жана башка аскердик түзүмдөрдүн эң күчтүү балбандары катышат. Мелдештер 16
салмак категориясы боюнча сегизден —эркектер жана аялдар арасында өтөт.
Бразилииянын
өкүлү:
- Мен бул
мелдештерде өзүмдүн жөндөмүмдү өркүндөтүп, жогорку чеберчиликти көрсөткүм
келет. Казак күрөшү - менин сүйүктүү жана дүйнөдөгү экинчи спорт түрү, ал мага
абдан жагат.
Тажикистандын
өкүлү:
- Бул биз үчүн чоң
тажрыйба болот. Жакшы орундарды багындыруу үчүн күрөшөбүз. Биз казак күрөшүнө
даярдандык. Күрөшөбүз жана жакшы жыйынтыктарды көрсөтөбүз деп үмүттөнөбүз.
Уюштуруучулар
аскер кызматкерлери арасындагы казак күрөшү боюнча биринчи дүйнө чемпионатынын
ийгилиги тарыхта бурулуш учур болот деп үмүттөнүшөт. Аскердик спорттун эл
аралык кеңеши казак улуттук күрөшүн жыл сайын өтүүчү дүйнөлүк армиялык
турнирлердин, ошондой эле 2027-жылы АКШда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк аскердик
оюндардын программасына киргизүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Которгон: Назира Бегалиева

