Мамлекет башчы ХХХІІІ жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучулары менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев Париж Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчуларды жана машыктыруучуларды куттуктап, мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Президент ар бир жеңиш улуу эрктин жана талыкпаган эмгектин натыйжасы экенине көңүл бурду. Муну менен катар төрт жылдык мелдештен байгелүү кайткан спортчуларга, машыктыруучуларга, спортчуларды даярдоого салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Чындыгында жүздөн күлүк, миңден тулпар чыгып,  дүйнөлүк мелдеште жеңишке жетиш оңой эмес. Мындай дүйнөлүк мелдеште өлкө куржунуна түшкөн ар бир медалдын орду өзгөчө. Ошондуктан, бүгүн Олимпиада медалдарын жеңип алган биздин бардык спортчуларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Жеңиш жолунда спортчулар гана эмес, ошол эле тармактын көптөгөн адистери да тер төгүштү.

Деген менен кесипкөй спортто чечимин күткөн актуалдуу көйгөйлөр да жок эмес. Андыктан мамлекет башчы тармакта комплекстүү реформа жасоого мезгил жеткенин айтты. Тармактык мекеме спорттун олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүүдөгү системалуу каталарга деталдуу талдоо жүргүзүүгө тийиш. Мисалы, чет элдик спортчуларга жарандык берип, өлкөнүн атынан мелдештерге кошуу тажрыйбасы. Президент мындай тенденцияны токтотуу керектигин айтып, жергиликтүү машыктыруучуларды, спортчуларды колдоого чакырды. Мындан тышкары, мамлекет башчы массалык, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр спортуна басым жасоо зарылдыгын белгиледи. Олимпиадалык резервди даярдаган мектеп-интернаттар, колледждер да ар тараптуу колдоого муктаж.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Мындай окуу жайлар бардык аймактарда болушу керек. Алматыда жаңы олимпиадалык машыгуу базасы курулду. Бул биздин спортчуларга жогорку деңгээлде машыгууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Азыр Астанада Улуттук спорт университети курулуп жатат. Окуу жай мекемеси спорттук билим берүү менен гана чектелбейт. Ал жерде заманбап илимий борбор ачылат. Мунун баары өлкөдө чемпиондордун жаңы муунун даярдоого жол ачат деп ишенем.

Мамлекет башчы спортчуларды даярдоонун бирдиктүү стандартын иштеп чыгып, машыктыруучулардын жана калыстардын квалификациясын жогорулатууга багытталган чараларды көрүүнү тапшырды. Мындан тышкары, ага республикалык федерациялардын ишмердүүлүгүнө экспертиза жүргүзүү жана каржылоо ыкмаларын кайра карап чыгуу милдетин жүктөдү. Ал эми Өкмөткө спортко тиешелүү мекемелердин бардык деңгээлдеринде башкаруу вертикалын калыбына келтирүү милдеттендирилди. Сөзүнүн аягында мамлекет башчы Паралимпиада оюндарына катышып жаткан спортчуларыбызга ийгиликтерди каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков