Астанада бокс боюнча дүйнө кубогунун финалдык беттештери болуп өттү. Аларды күйөрмандар менен бирге Казакстандын президенти да көрүп отурду. Касым-Жомарт Токаев беттешүүлөрдүн аралыгында өлкөнүн улуттук курама командасынын спортчулары менен жолугуп, баарлашты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Жеңишиңиз менен куттуктайм! Бокс менен руху күчтүү адамдар гана машыгат. Бул өзгөчө спорттун түрү. Баарыңыздарга ийгилик каалайм. Мамлекет сиздерди ар дайым колдойт. Биздин өлкөдө бокс мындан ары да өнүгөт деп ишенем.
Белгилей кетсек, Казакстанда өткөн World Boxing дүйнө кубогуна 29 мамлекеттен 250 боксчу катышты. Бул спортчулар үчүн маанилүү этап, анткени турнирдин жыйынтыгы эл аралык рейтингге таасир этип, аларды Олимпиада лицензиясына жакындатат. Кубокто биздин өлкөдөн эң күчтүү боксчулар чыгышты.
Которгон: Назира Бегалиева

