Тобылда куткаруучулар мелдеши өтүп жатат

Тобылда куткаруучулар мелдеши өтүп жатат

Өрт-куткаруу спорту боюнча Казакстандын жайкы чемпионаты Костанай облусунда өтүп жатат. Жарышка өлкөнүн бардык облустарынан мыкты спортчулар чогулду. Биринчи күнү катышуучулар «тепкич менен көтөрүлүү» боюнча жарышты. Эрежеге ылайык, аялдар экинчи кабатка, эркектер төртүнчү кабатка тез көтөрүлүшү керек. Ошондой эле турнир тоскоолдуктарды багындыруу, өрт эстафетасын жана мотопомпаны жоокердик жайгаштырууну камтыйт. Белгилей кетсек, бардык тапшырмалар куткаруучулардын күнүмдүк жумуш процессинен алынган. Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча мыкты спортчулар Казакстан курамасынын атынан дүйнөлүк биринчиликке катышат.

Мадияр Бегайдаров, Акмола облусу курама командасынын мүчөсү:

- Менин оюмча, эң негизги кызмат - адамдарды куткаруу, жардам берүү. Бул мыкты адистик, ошондуктан да жагат.

Дарья Постолова, Костанай облусу курама командасынын мүчөсү:

- Мен үчүн эң биринчи кезекте менин сүйүүм жана менин жумушум. Эгер сизде чоң эрк жана ниет, ишке болгон сүйүү болсо, анда сиз спорт менен машыга аласыз. Ошондо сиз ийгиликке жетесиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков