Колумбияда тогуз кумалак федерациясы ачылды

Колумбияда тогуз кумалак федерациясы ачылды

Тогуз кумалак дүйнөдө популярдуулугун арттырууну улантууда. Интеллектуалдык оюн  эркектер менен аялдар, жаштар менен чоңдор, өлкөлөр менен континенттерди бөлбөстөн багындырууда. Ошентип, Латын Америкасында казак улуттук оюну боюнча Федерация түзүү чечими кабыл алынды. Мындай чечим Колумбиянын КАли шаарында уюштуруу жыйыны учурунда кабыл алынды. Анда тогуз коргоол боюнча II эл аралык мелдеш өттү. Өз логикасын жана тапкычтыгын текшерүү максатында 50 өлкөдөн - Бразилия, Мексика, Эквадор, Аргентина, Чили, Гватемала, Панама, Венесуэла, Германия жана албетте Казакстандан 10 спортчу  катышты. Мелдеш эки түр боюнча - классикалык жана рапид боюнча өттү. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар улуттук мурасты өлкөдө гана эмес, чет өлкөлөрдө да жайылтууга мүмкүндүк берет.

 

Оскар Фахардо, Латын Америкалык тогуз кумалак федерациясынын президенти:

 

- Латын Америкасында тогуз кумалак боюнча Федерация түзүлгөнүнө кубанычтабыз. Бизге бул казак оюну абдан жакты. Тогузкумалакка кызыккандар көбөйүп, бизге келип жатканына биз абдан кубанычтабыз. Келечекте көчмөндөрдүн башка улуттук оюндарын да өздөштүрө алабыз деп ишенебиз.

 

Аким Турсун, Республикалык тогуз кумалак федерациясынын вице-президенти:

 

- Федерациянын жетекчилиги Латын Америкасында ачылган  тогуз кумалакты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого ниеттенүүдө. Жыл сайын интеллектуалдык оюндар аймактын ар кайсы шаарларында өткөрүлөт. Мисалы, 2025-жылы мелдештер КАлиде өтөт. Ал эми биз өз тарабыбыздан тогуз кумалакты өнүктүрүү үчүн колдон келгендин баарын жасап, ар тараптуу колдоо көрсөтүп келебиз.

 

Тогуз кумалак же талаа шахматы деп аталган оюн-Европада да таанылды. Интеллектуалдык оюн кеңири жайылган өлкөлөрдүн катарында Чехия, Франция, Швейцария жана Латвия бар. Ал эми Казакстанда тогуз кумалак улуттук сыймыкка айланды. Аны менен  200 миңден ашуун адам алектенет. Эске салсак, 2020-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен оюн адамзаттын маданий мурастарынын тизмесине кирген.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков