Казакстанда улуттук Alem.Cloud суперкомпьютери менен иштешүү үчүн платформа ишке киргизилди

Казакстанда улуттук Alem.Cloud суперкомпьютери менен иштешүү үчүн платформа ишке киргизилди

Казакстанда Alem.Cloud платформасы ишке киргизилди. Бул уникалдуу система улуттук суперкомпьютер ресурстарын пайдалануу боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алат. Анын мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, илимий жана билим берүү уюмдары, стартаптар, жеке компаниялар, ошондой эле Astana Hub резиденттери пайдалана алышат. Өлкөнүн тармактык министрлиги жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн улуттук милдеттерин жана долбоорлордун стратегиялык маанисин эске алып, суперкомпьютер ресурстарын бөлүштүрүү эрежелерин иштеп чыкты. Alem.Cloud алдыңкы санарип платформасын пайдалануунун артыкчылыктуу багыттарына мамлекеттик башкаруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба робототехникасы, киберкоопсуздук технологиялары кирет. Ошондой эле, бул катарда мунай-газ тармагы, тоо-кен металлургия комплекси, энергетика, геология жана чалгындоо, транспорт жана логистика, өнөр жай тармактары боюнча колго алынган жаңы долбоорлор бар. Улуттук суперкомпьютер эсептөө ресурстарынын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыздайт. Ата мекендик Alem.Cloud дүйнөдөгү эң кубаттуу системалардын TOP-500 рейтингине кирди. Бул анын аймактагы эң ири эсептөө борбору катары макамын тастыктайт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков