Казакстандык жасалма интеллект-иштеп чыгуусу банктарды алдамчылыктан коргойт

Казакстандык жасалма интеллект-иштеп чыгуусу банктарды алдамчылыктан коргойт

Документтерди текшерүү, Face2Face салыштыруу, KYC. Мунун баарын Biometric.Vision ата мекендик стартапынын алдыңкы технологиясы ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ал беттерди, документтерди таанууга жана ошону менен санариптик алдамчылыктын алдын алууга жардам берет. Жасалма интеллектти киргизүүнүн аркасында процесстер автоматташтырылып, коопсуздук жогорулап, убакыт үнөмдөлөт.

Алибек Наримбай, BIOMETRIC VISION уюштуруучусу:

- Бизнес онлайн режимине өткөндө, мейли ал банктар болобу, финансылык уюмдар болобу же башка бизнес болобу, экрандын аркы бетинде чыныгы тирүү адам бар экенин түшүнүп, аны аныкташы керек. Ал эми биздин компьютердик көрүүгө негизделген жасалма интеллект муну жасоого жардам берет. Чыныгы тирүү адам экенин, ал башка бирөөнүн сүрөтүн койбогонун аныктоого жардам берет.

Бүгүнкү күндө технология каржы, телекоммуникация жана мамлекеттик тармактарда колдонулууда. Атап айтканда, ири банктар жана маркетплейстер өлкөдө гана эмес, Борбордук Азияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Кытайда, Малайзияда да бар. Казакстандык иштеп чыгуу жакында Мексикада да ишке киргизилет.

Танат Ускенбаев, ASTANA HUB компаниясынын башкаруучу мүдүрү:

- Жасалма интеллект азыр бүткүл өлкө боюнча биринчи орунда турган күн тартиби. Баары өз маселелери үчүн ар кандай AI чечимдерин издеп жатышат. Жалпысынан алганда, динамика оң, жана жакында жасалма интеллект бардык ишмердүүлүк чөйрөлөрүнө кеңири киргизилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков