Астанада Казакстандын Президентинин Телерадиокомплекси менен Maqsut Narikbayev Universityнин биргелешкен долбоору болгон Эл аралык журналистика мектебинин биринчи бүтүрүү аземи болуп өттү. «Журналистика: аналитика жана иликтөөлөр» аттуу уникалдуу программаны 25 адам аяктады. Окутуу теорияга гана эмес, практикага да негизделген. Мисалы, болочок кабарчыларга жана редакторлорго Al Jazeera телеканалынын серепчилери жана Кытайдын CMG медиакорпорациясынын адистери дарс окушту. Программа төрт негизги багыттан турду: журналистика, укук, экономика жана IT. Окутуу казак жана орус тилдеринде жүргүзүлдү. Бардык бүтүрүүчүлөр Казакстандын алдыңкы редакцияларында такшалмадан өтүп, 11 ЖМКда жарыяланган медиадолбоорлорду ишке ашырышты. Жалпысынан, Maqsut Narikbayev University 30 программа боюнча адистерди даярдайт жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштуруу боюнча лидерлердин катарына кирет.
Которгон: Назира Бегалиева

