Астанада студенттер үчүн жасалма интеллект лабораториясы ачылды. Лаборатория Максут Нарикбаев атындагы университетте жайгашкан. Комплекс толугу менен санариптештирилген. Башкача айтканда, студенттердин акылдуу системаны ар тараптуу өздөштүрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мунун аркасында алар түрдүү долбоорлорду жасап, материалдарын чыгара алышат. Учурда аталган окуу жайдын алкагында AI курстары өтүлөт. Максаты – жасалма интеллектти натыйжалуу, этикалык жактан сабаттуу пайдалануу болуп саналат.
Асхат Аймагамбетов, Парламент Мажилисинин депутаты:
- Балдар бүгүн ChatGPT, Gemini, DeepSeekти көп колдонушууда. Үй тапшырмаларын ушулар менен жасап жатышат. Азыр анын эмнеге алып келип жатканын көрүп турабыз. Үстүртөн ойлоо, атүгүл аналитикалык жөндөмдөрүн жоготууда. Ошондуктан биз аны кантип натыйжалуу пайдаланышыбыз керек, этикалык жактан кантип пайдаланышыбыз зарыл, сыноо жагынан кантип үйрөтүшүбүз керек? Эң башкысы биз ошол стратегияны билишибиз абзел. Ошол стратегияны ЖОЖдор менен бирге, серепчи, ата-энелер, атүгүл балдар менен бирге даярдашыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

