Казакстанда илим тармагындагы мамлекеттик кызматтардын 12 түрү онлайн форматта жеткиликтүү. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча бул багытта көрсөтүлгөн кызматтардын 95% электрондук түрдө аткарылган. Бул тууралуу тармактык министрликтен билдиришти. Адистердин маалыматы боюнча, санариптик трансформациянын алкагында эң көп талап кылынган 19 бизнес-жараяндын реинжиниринги жүргүзүлдү. Натыйжада, ишкердик процесстердин натыйжалуулугу 70%га жогорулады. Алар илимий изилдөөлөрдү каржылоо, илимий-техникалык иш-аракеттерди аккредитациялоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү жана илимпоздорду шыктандыруу менен байланышкан. Буга кошумча, Astanahub.com базасында «улуттук инновациялык системанын бирдиктүү терезеси» ишке киргизилди. Бул жерде илимпоздор, иштеп чыгуучулар жана изилдөөчүлөр мамлекеттик колдоонун бардык негизги чараларына бир жерден колдоно алышат.
Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөржай министри:
- Улуттук инновациялык тутумдун бирдиктүү терезеси илимпоздор, стартаптар жана ишканалар бир санарип платформасында колдоо алып, өз ара натыйжалуу иштеши үчүн, алардын муктаждыктарын эске алуу менен ар кандай колдонуучуларга чечимдерди сунуштайт. Astana Hub экотутумда deep tech тармагында өнүмдөрдү өнүктүргөн жана олуттуу илимий базасы бар стартаптар түзүлдү. Айрым компаниялар өз иштеп чыгууларын монетизацияга ийгиликтүү чыгарып 10,6 миллиард теңгеден ашык киреше таап, жүздөгөн жумуш орундарын түздү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

