Түркмөнстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өттү

Түркмөнстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өттү

Түркмөнстанда Өзбекстандын Маданият күндөрү өттү. Анын алкагында Ашхабадда каалоочулар өзбек чеберлеринин кол өнөрчүлүгү менен тааныша алышты. Көрүүчүлөргө алтын жана жибек жип менен саймалардын үлгүлөрү, улуттук кийимдер, жыгачтан жана металлдан жасалган буюмдар, ошондой эле өзгөчө зер буюмдар жана азем белектер тартууланды. Бардык экспонаттар өлкөнүн бай маданий мурасын көрсөтүүгө багытталган.

 

Акмар Мухутдинов, кол өнөрчүлүк борборунун өкүлү:

 

- Бул көргөзмөдө биздин борбордун өнүмдөрү менен таанышууга болот. Белгилүү табигый материалдан жасалган буюмдар менен мисалы – саман. Мына, чеберлер андан картиналарды жасашат. Ал миңдеген жылдар бою өз түрүн сактап кала алат. Мен саман менен иштөө жөндөмү байыркы убакта пайда болгонун белгилеп кетким келет. Биз аны кайра жаратуу менен алектенип жатабыз.

 

Өзбек ырчылары, музыканттары жана фольклордук-бий топторунун артисттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар катышкан чоң майрамдык концерт бир нече саатка созулду.

 

Баходир Ахмедов, Өзбекстан Республикасынын Маданият министринин биринчи орун басары:

 

- Чоң концерттик программа тартууладык. Ыр-бий ансамблдери аткарылды. Түркмөнстанга жана анын элине жылуу кабыл алуу жана дүркүрөгөн кол чабуулар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул бизди искусствобуз жана каада-салттарыбыз менен бөлүшүүгө шыктандырат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков