Павлодардык «Майдан жолы» издөө
отряды жаңы экспедицияга жөнөп жатат. Бардыгы болуп үч сапар пландаштырылган,
алар дароо эки өлкөнү - Беларусту жана Орусияны камтыйт. Павлодарлыктар согуш
жылдары дайынсыз жоголгон казакстандык жоокерлерди издөөнү улантууну
көздөшүүдө. Тарыхта биринчи жолу кыймылдын катышуучулары 1945-жылдын аяк оона
айында Советтик-жапон согушунун алкагында өткөрүлгөн Курил десанттык
операциясынын маршруту боюнча жүрүшкөн. Андан кийин советтик аскерлер Шумшу
аралына түшкөн. Экспедициянын маанилүү миссияларынын бири - Беларустун Могилёв
облусундагы салгылашууда каза болгон жоокер Рахман Жайбусинов көмүлгөн бир
туугандык көрүстөнгө казак топурагын ала барышат.
Акылзада Кенжебаева, Рахман Жайбусиновдун небереси:
- Менин апам азыр жок, бирок бул
анын каалоосу болчу: атасы коюлган жерди табуу. Биз таятамдын сөөгү коюлган
жерди бир нече жыл мурун издөө системасынын жардамы менен таптык. Мен таятам Жайбусинов
Рахмандын сөөгү коюлган бир туугандык көрүстөнгө биздин казак жеринин топурагын
алып барууну өтүндүм.
Александр Шитов, «Майдан жолы» издөө
отрадынын командири:
- 15 жыл ичинде 231 адам иши
көтөрүлдү, советтик жоокерлер жана офицерлер. Көптөгөн казакстандык жоокерлерибиз аныкталып,
түбөлүккө сакталып калды - бул 20дан ашык эстелик, анын ичинде Советтер
Союзунун Баатырларынын 26 бюсту, Казакстандын тургундары, мемориалы. Быйыл биз
Беларусь Республикасында №8 мектепке Советтер Союзунун Баатыры Катаев Михаил
Максимовичтин ысымын ыйгарууну пландаштыруудабыз.
Которгон: Назира Бегалиева

