Тюменде казак маданият күндөрү өттү

Тюменде казак маданият күндөрү өттү

Орусиянын Тюмень облусунда казак маданиятынын күндөрү өттү. Майрамга аймактагы улуттук-маданий уюмдардын өкүлдөрү катышты. Коноктор казак элинин каада-салттары менен тааныштырылды. Байыркы жамаачы тигүү техникасында жасалган улуттук корпустардын көргөзмөсү чоң кызыгууну жаратты. Сахнада вокалдык жана бий топтору, ошондой эле үй-бүлөлүк ансамблдер ойношту. Майрамдын алкагында улуттук маданий салттарды сактоого чоң салым кошкон үй-бүлөлөр да сыйланышты. Белгилей кетсек, Тюмень облусунда 40 миңдей казак жашайт.


Аскар Калиев, Тюмень облусунун тургуну:


- Биз бул жерге өзүбүздүн каада-салтыбызды, үрп-адатыбызды, улуттук бийлерибизди көрсөтүп, күү, домбрадан кандай үндөр чыгаарын, албетте, балдарыбыз каада-салтты кантип сактоо керек экенин көрсөтүү үчүн чогулуп келдик.


Гульмира Еркинбекова, Тюмень облусунун тургуну:


- Казак тилинде окуп, ой-жүгүртөбүз. Бизде балдар да, чоңдор да окушат. Бул жерде жашаган казак үй-бүлөлөрү бардык салттарды сакташат, биз дагы казак оюндарын өткөрөбүз. Казактын улуттук майрамдарын уюштурабыз. Бул үчүн атайын боз үй тигип жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков