Витебск шаарында ХХХ Эл аралык «Славян базары» фестивалы салтанаттуу түрдө ачылат. Быйылкы өнөр жарышында өлкө намысын 22 жаштагы Рухия Байдукенова коргойт. Жаш ырчы Казак улуттук искусство университетинин 3-курсунун студенти. Ал эми балдар арасындагы сынакка өлкөнүн атынан 10 жаштагы Актау шаарынын кызы Амина Асгатова катышат. Эки өнөрпоз тең буга чейин республикалык жана эл аралык сынактарда жеңишке жетишкен.
Белгилей кетсек, калыстар тобунда казакстандык Димаш Кудайберген дагы бар. Ырчы Беларусь мамлекетинде биринчи жолу калыстык кылып бара жаткан жок. Ал 2018-жылы «Славян базарында» ардактуу калыстардын бири болгон. Ал эми 2015-жылы өзү аталган сынакка катышып, гран-прини жеңип алган.
Эл аралык ыр сынагынын быйылкы жеңүүчүлөрү теке айынын 19да аныкталат. Жүздөгөн атаандаштардын арасынан суурулуп чыкканы «Алтын Лиранын» ээси болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков