Борбор Азия өлкөлөрү да жаз жана күн менен түндүн теңелүүсүн майрамдашты. Эске салсак, Нооруз 2009-жылы ЮНЕСКО тарабынан адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген. Ал Түркмөнстанда масштабдуу түрдө белгиленди. «Нооруз өрөөнү» аянтында майрамдык салтанат уюштурулду. Конокторго музыкалык жана театрлаштырылган оюн-зооктор тартууланды. Бул жерде улуттук декоративдик искусствонун көргөзмөсү да жайылды. Өлкөнүн мыкты ашпозчулары майрамга келгендерди улуттук тамак-аштар менен сыйлашты. Ал, эми спортчулар салттуу таймаштарда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Анан, албетте, айтылуу «Галкыныш» ат спорту тобунун жандуу шоусу тартууланды.
Иван Волынкин, Орусия Федерациясынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Бүгүн эң сонун майрам. Биз аны чогуу белгилейбиз. Нооруз майрамы-жаз майрамы, кубаныч жана жаратылыштын ойгонуу майрамы. Түркмөнстанда салттар сакталып жатканы абдан жагымдуу. Өлкөнүн үрп-адаттары, байыркы маданият колдоого алынат. Бүгүн баары кандай сонун кооздолгонун караңыздар.
Нурлан Ногаев, Казакстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси:
- Бул күнү биз катаал кышты башынан өткөргөн элдер, бири-бирибизге тынчтыкты, жакшылыкты, туруктуулукту, үй-бүлөбүздүн бакубатчылыгын каалап, жакшы күндөрдү, жылуулукту, тынчтыкты күтөбүз. Албетте, бүгүн бул майрамда түркмөн элинин маданиятынын, турмушунун өзгөчөлүктөрүн көрдүк. Каада-салттар жана элдик кол өнөрчүлүк менен тааныштык.
Ноорузду Тажикстанда да тосуп алышты. Таң атканга чейин Дүйшөмбүдө от жагылды. Байыркы салттарга ылайык, бул расмий түрдө майрамдын келишин билдирет. От жаздын жолун жарык кылат деп ишенишет. Ошондой эле эски жылдын бардык көйгөйлөрүн өрттөп, от энергия жана күч-кубат берет деп ишенишет. Майрамдын өзү да салттуу түрдө эртең менен- бий жана ырлар менен коштолот. Андан кийин атайын кербендер баш калааны кыдырып өттү. Кубанычтуу кабарды нооруздун музыкалык аспаптары болгон сурнай-керней аркылуу жеткирет. Өзгөчө, жылуу жана кызыктуу майрам көптөгөн чет элдиктердин жүрөгүн ээлери талашсыз. Көпчүлүк учурда Тажикстанга атайын ушул майрамга күбө болууга келишет.
- Биз, ирандыктар Германиядан нооруздун урматына майрамдык иш-чараларга катышуу үчүн келдик. Тажикстанда аны өзгөчө жана кеңири майрамдап жатканына таң калдык. Бул таасирдүү. Мен өзүмдү үйдөгүдөй сезип турам.
- Менимче, ноорузду майрамдоо үчүн Тажикстанга келүү керек. Бул жерде бул майрам кеңири жана өзгөчө салтанат менен белгиленет. Мен кубанычтуу жана бактылуу жүздөрдү көрдүм. Бул абдан шыктандырат.
Которгон: Сезим Шейшеналиева

