Кубизм жана сюрреализм, абстракционизм жана
импрессионизм. Түркмөнстан борборундагы көргөзмөдө модерн стилдин ар кандай
багыттарында аткарылган иштер көрсөтүлдү. Экпозициянын уюштуруучуларынын
айтымында, ага даярдык 5 ай бою жүргүзүлдү. Катышуучулардын арасында кесипкөй
сүрөтчүлөр гана эмес, көркөм сүрөт академиясынын студенттери дагы бар. Акыркысы
үчүн Түркмөнстандын белгилүү калем чеберлери
өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мастер-класстарды өткөрүшөт. Белгилей кетсек,
сунушталган эмгектер бул көргөзмө үчүн атайын жасалган. Авторлор аларды 1-2
айдын ичинде жазышкан.
Гахрыман Гочмурадов,
Түркмөнстандын көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу, сүрөтчү:
Мен алты эмгегимди алып келдим. Алардын бирин «мергенчилер» деп атадым.
Эмне үчүн мындай ысымды тандадыңыз деп ойлойсуз? Сүрөттө жаа атуу боюнча
бири-бири менен атаандашкан эки жаш жана анын айланасында аңчылык көрүнүштөрү
чагылдырылган. Сүрөттүн негизги максаты-алдыга коюлган максатка жетүү. Жумушта
мен жылуу түстөргө бир аз кара түстөрдү коштум.
Сасаки Хироси, Жапониянын Түркмөнстандагы элчиси:
Мага Түркмөнстандын бул көргөзмөсү абдан кызыгуучулук жаратты. Мында көркөм сүрөт чеберлеринин мыкты эмгектери коюлган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

