Түркмөн маданий мурасын жана бахшы өнөрүн кеңири
жайылтуу. Түркмөнстандын борборунда таланттуу жаш музыканттарды жана элдик
аткаруучуларды аныктоо жана колдоо боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү сынак өттү.
Анын жеңүүчүлөрү 14 дутарчы музыкант жана ошончо ырчы болду. Катышуучулардын
жаш аралыгы 18ден 35ке чейин. Айта кетсек дутар жана бахшы чыгармаларын аткаруу
түркмөн элинин көп кылымдык музыкалык маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү. Ошондуктан,
2021-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен дутар даярдоо чеберчилиги, анда бахшы
ырларынын коштоосунда ойноо өнөрү адамзаттын материалдык эмес маданий
мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.
Дуньягозель Гутлыева, Түркмөн
улуттук консерваториясынын студенти:
- Бул сынакта «Шасенем менен Гарып»
дастанындагы түркмөн элдик ыры «Тешнитти» аткардым. Ал керемет. Мага эмгеги
сиңген бахшылар сабак берип, көп жардам беришти. Чоң колдоо көрсөткөн
мугалимдериме жана үй-бүлөмө ыраазычылык билдиргим келет.
Давут Гулбаев, Балкан Уалаятынын
адистештирилген өнөр мектебинин студенти:
- Сынакка Түркмөнстандын
«Тынчтык» аттуу ырын алып келдим. Кичинекей кезимден музыкага аралаштым, балдар
искусство мектебине бардым, аны аяктагандан кийин Балкан губерниясынын атайын
сүрөт окуу жайынын студенти болдум. Бахшы өнөрү менен алектенүүгө мени устатым шыктандырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков