Астанада «БУУ-80: фильтрсиз» деген фотокөргөзмө ачылды

Астанада «БУУ-80: фильтрсиз» деген фотокөргөзмө ачылды

Сүрөттөрдөгү тарых. Бириккен Улуттар Уюмунун иштери фотографтын көзү менен. Астанадагы Президент борборунун дубалында Уюмдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Бул жердеги сүрөттөрдүн башкы каармандары – тынчтык менен жакшылык иштерине өмүрүн арнаган карапайым адамдар. Аларда пандемия учурундагы дарыгерлердин, жардам колун сунган кайрымдуу жандардын, кооптуу аймактарда жүргөн тынчтык орнотуучулардын, дипломаттар менен мамлекет башчыларынын, ыктыярчылардын чыныгы эмоциялары чагылдырылган. Экспозициянын бир бөлүгү Казакстандын БУУнун мүчөсү катары отуз жылдан ашык убакыт бою уюм менен биргелешип аткарган кызматына арналган.

Саранго Раднарагча, БУУнун казакстандагы туруктуу координатору:


- Бул көргөзмөдө мурда эч жерде жарыяланбаган, көпчүлүктүн назарына чыгарылбаган 80 фотосүрөт тартууланган. Бул уникалдуу сүрөттөр Бириккен Улуттар Уюмунун архивдеринен алынган. Аларда Уюмдун кооптуу аймактардагы татаал ишмердүүлүгү, гуманитардык жардам жана тынчтык орнотуу миссиялары, түрдүү өкмөттөр менен өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга катыштыгы боюнча жумушу чагылдырылат. Ошондуктан көргөзмө өзгөчө сүрөттөрдү тамашоого мүмкүнчүлүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков