Францияда «Улуу Талаа шедеврлери» аттуу көргөзмө өтөт

Франциянын жашоочулары жана коноктору Казакстандын көп кылымдык тарыхы жана бай маданияты менен тааныша алышат. Париждеги Гиме-Азия өнөрүнүн Улуттук музейинде Улуу талаа кенчтеринин көргөзмөсү ачылат. Экспозицияда Казакстандын тарыхынын негизги баскычтарын мүнөздөгөн 35 сейрек кездешүүчү экспонаттар коюлду. Анда Тобыл ойчулу, Ботай маданияты, Алтын адам, таш айкел, Амир Темирдин коло шамдары жана башка экспонаттар көрсөтүлөт. Ал б.з.д. ІІІ миңжылдыктан XVIII кылымга чейинки аралыкты камтыйт. Белгилей кетсек, көргөзмөнүн экспонаттары Казакстандын улуттук музейинин жана "Азирети Султан" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин коллекциясынан алынган. "Улуу талаанын шедеврлери" көргөзмөсү 2025-жылдын жалган куран айынын аягына чейин уланат.

 

Кумар Жүнисов, Улуттук музей эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы:

 

- Көргөзмөнүн дагы бир өзгөчөлүгү-бул анын иммерсивдүү мазмун менен толукталгандыгы болуп саналат. Башкача айтканда, бул биздин экспонаттарды француз коомчулугуна көрсөтүү гана эмес. Бул-жогорку сапатта тартылган атайын видеоконтент, атайын музыкалык коштоосу менен эрмендин жытын чыгаруу аркылуу, биз келгендерге бул казак элинин тарыхынын ар бир этабына сүңгүп кирип тереңдөөгө жана ошол мезгилдин контекстине кирүүгө мүмкүндүк беребиз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков