«Астана Балет» театрында премьералар кечеси өттү

«Астана Балет» театрында премьералар кечеси өттү

Өткөн дем алыш күндөрү «Астана Балет» театрында эки премьера коюлду. Айнур Абилгазина Густав Малердин музыкасына жазылган «Soli Deo Gloria» жана Олжас Маханбеталиевдин Лиза Джеррарддын музыкасына жазылган «Nine» спектаклдерин аткарды. Ар кандай көз караштагы хореографтар өзүнчө чыгарма иштеп чыгышты. Деген менен кош эмгектин айкалышы азыркы хореография мектебинин жаңы муунунун деминен кабар берет. Айнурдун айтымында, анын аткаруусунда башкы каармандын бир дүйнөдөн экинчи дүйнөгө өтүүдөгү сезимдери тууралуу баяндалат. Бирок бул сюжеттин негизги идеясы эмес, дейт хореограф.

Айнур Абилгазина, SOLI DEO GLORIA Ббалетинин хореографы:

-Бул жашоонун жолу жана жашоодо өз ордуңду табуу тууралуу балет. Спектакль жердеги элеси менен коштошуп, тиги дүйнөгө кадам таштаган башкы каармандын жан дүйнөсү мейкиндикте басып өткөн учурунан башталат. Ал жерде рух кайтыш болгон жакындары менен сөзсүз жолугушарына ишенимдүү болот. Бирок ал жерден тааныштарына жолуга албай, издей баштайт. Эми башка этапка өтүүдөн мурун рух бир саамга токтоп, өткөн жашоосуна баа берет. Жарык дүйнөгө келгенден баштап эле алгачкы сүйүүсүн жолуктурганын көз алдына элестет.

Олжас Махамбеталиевдин хореографиясындагы «Nine» спектакли бир нече бий багыттарынын синтези стилинде даярдалган. Композитор философиялык теманы негизге алган. Анын айтымында, бул спектакль адам баласынын жашоодо өз ордун табуу, изденүү жолуна арналды.

Нурлан Канетов, «Астана Балет» театрынын көркөм жетекчиси:

- Менин оюмча абдан ийгиликтүү спектакль деп ойлойм. Бул таптакыр жаңы багыттагы  автордук спектаклдер. Коюучу режиссёрлор биздин театрдын жаш хореографтары. Биз өз кезегибизде театрдын сахнасында жаңы спектаклдерди коюуга мүмкүнчүлүк түзүп, жаш хореографтардын өнүгүшүнө колдоо көрсөтөбүз. Быйылкы сезон 10 жылдык мааракеге  туш келип жатат. Ошондой эле жаш хореографтар үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Бугу  айында “Ачык сахна” сынагынын жеңүүчүлөрүнө премьерасын тартуулайбыз. Бул күнү финалга чыккандар “Жети казына” деп аталган эмгектерин коомчулукка сунушташат.