Kazinform агенттигине 105 жыл: тарыхый сүрөттөр сүйлөсүн

Kazinform агенттигине 105 жыл: тарыхый сүрөттөр сүйлөсүн

Быйыл Казак маалымат агенттигинин түзүлгөнүнө 105 жыл толот. Бул өзгөчө учурга карата Астанада «Казакстандын тарыхы «Казак маалыматынын» сүрөттөрүндө» аттуу фотокөргөзмө уюштурулган. Экспозицияда 180ден ашык сейрек кездешүүчү сүрөттөр бар. Көргөзмө алты тематикалык блокко бөлүнгөн. Алардын ар бири Казакстандын өнүгүүсүндөгү маанилүү мезгилди чагылдырат. Юбилейлик долбоор маданий иш-чара гана болбостон, өлкөнүн көп кылымдык тарыхын камтууну көздөйт.

Нагашыбек Алдан, Kazinform агенттигинин башкаруучу мүдүрү:

- Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү бул жердеги сүрөттөрдүн көбү биринчи жолу көрсөтүлүп жатканында. Бул сүрөттөр көп жылдар бою архивде сакталып турган. Мындан тышкары, чет өлкөлүк жана ата мекендик архивдерде иштеп жүрүп, биз Kazinform жана KazTagка тиешелүү абдан маанилүү документтерди жана сүрөттөрдү таптык.

Которгон: Назира Бегалиева