Казакстандык кол өнөрчү 50 жыл ичинде эки миң уникалдуу камчы үлгүсүн жаратты

Казакстандык кол өнөрчү 50 жыл ичинде эки миң уникалдуу камчы үлгүсүн жаратты

Алматылык чебер ушул күнгө чейин өз колу менен 2 миңге жакын камчы өргөн. Казак элинин тарыхы менен маданиятынын ажырагыс бөлүгүнө айланган байыркы камчы өрүү өнөрүн Есенкелди Кулжабаев мындан туура 50 жыл мурун өздөштүргөн. Чебер бул кесипти атасынан үйрөнгөнүн айтат. Камчы-ат мингенде атты башкаруу каражаты гана эмес, элдин руханий дүйнө таанымын жана салтын сиңирген байыркы мурас экспонат. Ата-бабалар камчы илинген үйгө «жин-шайтан кирбейт» деген касиетине ишенишкен. Аны кармаган жаран эр жүрөк көрүнөт. Анын өрүү ыкмасын менен оймо-чиймелерин карап, ээсинин жүрүм-туруму жана мартабасы кандай экендигин билүүгө болот. чебер колунан чыккан ар бир буюмга өрүүнүн түрдүү ыкмаларын колдонот. Көзгө жагымдуу болушу үчүн, ал салтка ылайык кооздолот.


Есенкелди Кулжабаев, чебер:


- Мен муну балдарга үйрөтүү үчүн колдонгон өрүмдөрдүн түрлөрүн көрсөтүү үчүн жасадым. Өрүмдөрдүн үч негизги чоң тобу бар: жалпак өрүмдөрдүн так саны, жалпак өрүмдөрдүн жуп саны жана тегиз өрүмдөрдүн түрлөрү.


Өрүмдүн бардык түрүн өздөштүргөн чебер атайын методикалык китеп да жазган. Есенкелди Кулжабаев университетте студенттерге колдонмо искусстводон сабак берет. Ошондой эле, ал бардык чоңдор жана балдар үчүн семинарларды өткөрөт. Алардын арасында 5 жаштагы Дарига да бар. Бул жерге өз тобундагы балдар менен келдик. Биринчи камчыны агасы үчүн жасады.


Айгерим Сейсенбекова, бала бакча тарбиячысы:

- Биз Есенкелди аганы издеп жүрүп таптык. Бул адам сыяктуу чеберлер азыркы заманда чанда кездешет. Биздин максат-баланын аң-сезимине улуттук баалуулуктарды сиңирүү.

Чебер жакын арада камчы өрүү боюнча атайын курстарды ачууну каалаарын айтат. Максаты-ата-бабалардын мурасын сактоо жана аны жайылтуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков