Түркмөнстанда мектеп жарманкелери иштей баштады

Түркмөнстанда мектеп жарманкелери иштей баштады

Түркмөнстанда жаңы окуу жылынын алдында 400дөн ашык мектеп жарманкеси ачылды. Өлкөнүн борбору Ашхабад шаарында эле окуу үчүн керектүү нерселердин баарын: мектеп формасынан жана рюкзактардан баштап кеңсе буюмдарына чейин сатып алууга мүмкүн болгон 60ка жакын базар иштейт. Товарлардын ассортименти бардык окуучулар үчүн – биринчи класстан баштап студенттерге чейин арналган.

Тавус Бекиева, Ашхабад шаарынын тургуну:

- Бул жылы менин уулум биринчи класска барат. Албетте, биз тынчсызданып жатабыз — ал бала бакчадан мектепке өтүп жатат. Ошондуктан биз жарманкеге келип, эң керектүү нерселердин баарын сатып алууну чечтик. Чынын айтсам, биз эмнеден баштаарыбызды да билген жокпуз — ушунчалык көп нерсе бар!

Мектеп жарманкелеринде көрсөтүлгөн текстиль өнүмдөрү жергиликтүү фабрикаларда дем алуучу, табигый кездемелерден жасалган. Түркмөнстандагы орто мектептердин кыздары үчүн мектеп формасы салттуу түрдө жашыл көйнөк, ак алжапкыч жана тебетейден, ал эми балдар үчүн кара костюм жана ак көйнөктөн турат. Белгилей кетсек, жарманкелер аяк оона айынын 5ине чейин иштейт.


Касым Кадыров, Ашхабад шаарынын тургуну:

- Быйыл бизде жаңы сабактар пайда болду — чийүү жана укук, ошондуктан мен атайын дептерлерди, карандаштарды жана сызгычтарды алуу үчүн келдим. Чынында, менин сүйүктүү сабагым — физика, бирок чийүү жана укук дагы кызыктуу болот деп үмүттөнөм.

Которгон: Назира Бегалиева