Казакстандын
Президенти бир катар чет элдик жогорку окуу жайларынын жетекчилери менен
жолугушту. Касым-Жомарт Токаевге Бээжин Тил жана маданият университетинин
президенти Дуань Пэн лингвистика жана санариптик окутуу тармактарында
биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтып берди. Астанада
аталган университеттин филиалынын ачылышы казак-кытай мамилесинин
интеллектуалдык көпүрөсүнө айланмакчы.
Мамлекет башчысы
«Москва инженердик-физикалык институту» улуттук ядролук изилдөө университетинин
ректору Владимир Шевченко менен болгон маегинде өлкө үчүн ядролук энергетиканын
стратегиялык мааниси зор экенин белгиледи. Белгилей кетсек, 2022-жылы Алматыда
анын филиалы ачылган болчу.
Ошондой эле,
Касым-Жомарт Токаев Woosong билим берүү фондунун камкорчулар кеңешинин төрагасы
Ким Сонг Кёнгди кабыл алды. Тараптар адам капиталын өнүктүрүү, билим берүү
сапатын арттыруу, маалыматтык технологиялар жана жасалма интеллект тармактарында
адистерди даярдоо маселелерин талкуулашты. Эскерте кетсек, Түркстан шаарында
Woosong университетинин филиалы иштейт.
Мамлекет башчысы
Queen’s University Belfast окуу жайынын президенти жана вице-канцлери Иан Грир
менен да ар кандай тармактын адистерин даярдоо маселесин талкуулады.
Касым-Жомарт Токаев Улуу Британиянын жетектөөчү илимий-изилдөө университетине
өлкө кызыгуу көрсөтүп жатканын жеткирди.
Касым-Жомарт
Токаев Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун ректору Анатолий
Торкуновду да кабыл алды. Маектешүү учурунда Казакстандын президенти
Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин базасында аталган Орусиялык
университеттин филиалынын ачылышын кубаттады. Азыр бул жерде 100 студент билим
алууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

