Астанада санариптик чечимдер сунушталды

Астанада санариптик чечимдер сунушталды

Астанада Санариптик Өкмөттү колдоо борборунун санариптик долбоорлорунун бет ачары болуп өттү. Акыркы төрт жылда бул жерде 1300дөн ашык процесс оптималдаштырылып, транспорттон жана өнөр жайдан баштап билим берүүгө чейинки ар кандай тармактарда 20дан ашык санариптик чечимдер киргизилди. Демо күнүндө мамлекеттик органдарда жана квазимамлекеттик сектордо ишке киргизилген долбоорлор көрсөтүлдү. Негизгилеринин бири - полициянын жана соттун катышуусуз майда жол кырсыктарын каттоого арналган мобилдик тиркеме. Анын аркасында камсыздандыруу төлөмдөрү 40 күндөн 5 күнгө чейин тездетилди. Дагы бир сервис - учкучсуз учуучу аппараттарды каттоо боюнча - бул жерде арыз жана күбөлүк берүү азыр онлайн режиминде жүргүзүлөт. Демек, кызмат көрсөтүү мөөнөтү 3 эсеге кыскарды.

Алия Оспанова, Санарип өкмөттү колдоо борборунун аткаруучу мүдүрү:

- Биз күн сайын ар кандай министрликтерге, акимчиликтерге жана региондорго таандык болгон биздин мамлекеттик системага тигил же бул деңгээлде интеграцияланган 300дөн ашык маалыматтык системага мониторинг жүргүзөбүз. Биздин милдет – маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө эмне жасалып жатканын, кандай өзгөрүп жатканыбызды, дагы эмнени өзгөртүү керектигин жана эмне үчүн керектигин түшүнүү. Ушул анализдин негизинде биз долбоорлорго да мониторинг жүргүзөбүз.

Бахтияр Мухаметкалиев, Санарип өкмөттү колдоо борборунун башкы мүдүрү:

- Биз азыр региондорду санариптештирүүгө жардам берүү үчүн активдүү иштейбиз. Бирок региондорду санариптештирүү боюнча белгилей кетчү нерсе, биз өзгөчөлүктөргө көңүл бурабыз, мисалы, эгер бул Костанай облусу болсо, анда ал жерде агроөнөр жай комплекси же автомобиль өндүрүшү өнүгөт. Демек, багыт, Караганды болсо, анда Караганды бул металлургиялык кластер, ал жерде эмгекти коргоо маселелери, бул абдан маанилүү, өндүрүштү өнүктүрүү керек. Биз муну кантип жакшыртуу керектиги боюнча сунуштарды беребиз. Тармактык министрликтер менен биргеликте муну кантип жакшыртууну ойлонобуз.

Которгон: Назира Бегалиева