Абай
облусунда кесиптик багыт берүүгө арналган жайкы лагерлер өз ишин баштады.
Долбоор аймактагы 10 колледждин базасында уюштурулган. Анын алкагында 600гө
жакын окуучуну камтуу көздөлүп отурат. Программанын алкагында балдар экология,
IT, чыгармачылык, айыл чарбасы, экономика, техника жана өндүрүш тармактары
боюнча билим алат.
Адина
Бериккелди, окуучу:
- Мага
бул лагерь тууралуу досторум айтышкан. Мен бул лагерге дүйшөмбүдөн баштап барып
жүрөм. Бир нече дос таап, убакытты көңүлдүү өткөрүп жүрөбүз. Ар кандай оюн
ойнодук. Эстафета өткөрдүк. Кечээ биз тигүү машинасы менен иштеген элек. Бүгүн
коктейль менен пицца жасадык. Бул мага абдан кызыктуу болду.
Шолпан
Атантаева, лагерь жетекчиси:
- Балдардын
лагерге болгон кызыгуусу абдан жогору. Күн сайын жаңы бир эмоция алууга келип
жатышат. Жакшы маанай менен кайтып жатышат. Ошону менен катар ата-энелери да
абдан ыраазы. Күн сайын бизге кабарлашып, кийинки жылы дагы сезон болобу деп
сурап жатышат. Анткени бала күн сайын телефондон отургандан көрө бул жактан
жаңыдан досторду тапканы маанилүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

