Казакстандын маданият жана искусство тармагынын адистери санариптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө киришти. Алматыдагы Казак улуттук консерваториясында «AI жана санариптик куралдар» атайын курстары башталды. Анын алкагында окутуучулар жаңы технологияны сабакта, чыгармачылыкта, илимий изилдөөлөрдө жана башкарууда натыйжалуу колдонуунун жаңы ыкмаларын үйрөнөт. Сабактардын жүрүшүндө тажрыйбалык көндүмдөргө басым жасалат. Курстун соңунда катышуучулар өздөрү иштеп чыккан эки окуу программасын сунуштап, искусство жана билим берүү тармагында жаңы ыкмаларды киргизүүгө салым кошот. Мисалы, жасалма интеллекттин жардамы менен ар кандай тондордо домбра үнүн таанып, үндү нотага түшүрөт.
Гаухар Тасбергенова, Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясынын ректору:
- Биз тарбия, чыгармачылык, илим сыяктуу искусство тармагына тиешелүү беш багытта тажрыйба бөлүшөбүз. Окуу программасы ар бир адам үчүн ойлонулган. Башкача айтканда, жарым жыл бою эки университеттеги кесиптештерибиз консерватория үчүн атайын программа даярдады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

