Түрк мамлекеттери жаштарды робот техникасын өздөштүрүү
үчүн күчтөрүн бириктирет. Быйылкы «Robotek Grand Tournament Astana 2026» эл
аралык чемпионаты «TurkTime» программасынын алкагында өттү. Мында Казакстан,
Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын мыкты
робототехниктери жыйналды.
Санжар
Шалкарбеков — «Robotek Grand
Tournament Astana 2026»
мелдешинин уюштуруучусу:
– Мунун баары Казакстандын инновациялык технологиялык күн
тартибиндеги ролунун күчөгөнүн көрсөтөт. Мамлекет башчысынын «TurkTime»
демилгесинин алкагында уюштурулган мындай чемпионаттар өлкөлөр арасындагы билим
берүүдөгү интеграцияга, жаш муундун маданий алмашуусуна оң таасирин тийгизет.
Мындай биримдик менен ынтымакташтыктын натыйжасында чоң масштабдуу демилгелерге
жол ачылат, робототехника Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коомдук өнүгүүсүнө,
келечектеги экономикалык жетишкендигине негиз боло алат.
Катышуучулар робот жарышы, буюмдарды талдоо,
тоскоолдуктардан өтүү, тактык тапшырмалары жана инженердик долбоорлор сыяктуу 9
багытта күч сынашты. Жарышка 9 жаштан 17 жашка чейинки
220га жакын команда катышты. Алардын 45и чет өлкөдөн келген.
Махаммад Самадли, робототехника машыктыруучусу: /Азербайжан/
– Бул Азербайжан желеги бар биздин робот, жана бул
роботтун бир өзгөчөлүгү колдонууга жөнөкөйлүгүндө. Биз эң жөнөкөй нерсе - эң жекшыртылган нерсе экенин билебиз, ошондуктан
ушул жарышта жеңишке жетүүнү көздөп отурабыз. Буга чейин мен Бакуда
робототехника боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышкам. Биз 2024 жана 2025-жылдары
Бакуда олимпиада өткөрдүк. Бул чынында эле чоң
окуя болду, биздин жарышта казакстандык калыстар да болду.
Беш жылдын ичинде чемпионат Казакстандын IT-бренди катары таанылды. Бул жердеги бардык мелдеш регламенттери жергиликтүү адистердин авторлугу менен иштелип чыгып, дүйнөлүк аренада таанылган. Ал эми чемпионаттын байге ээлери жергиликтүү жогорку окуу жайларынын билим берүү гранттарына ээ болушат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

