Алматыда алгачкы ирет жаш изилдөөчүлөрдүн форуму өттү

Алматыда алгачкы ирет жаш изилдөөчүлөрдүн форуму өттү

Алматыда биринчи жолу жаш изилдөөчүлөрдүн форуму өттү. Иш-чарага Казакстандын бардык аймактарынан келген 400дөн ашык таланттуу окуучулар катышты. Алар өнөр жай, экология, медицина, коопсуздукка байланыштуу уникалдуу долбоорлорду сунушташты. Алардын арасында экологиялык көмөкчордондор, робот-өрт өчүргүчтөр сыяктуу ар түрдүү нерселер бар. Эң негизгиси, бардык долбоорлор, илимий изилдөөлөргө ылайык, эчак сыноодон өткөн. Алар өз натыйжалуулугун да көрсөттү.

Алимжан Райымжан, «Жаш улан» мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу:

- Бул өрт өчүрүүчү робот. Менин роботум 3 жалындуу сенсор менен жабдыкталган. Алардын бири өрттү көргөн учурда, робот өрттү көздөй жөнөп, суу чачып өрттү өчүрөт. Ал эми өрттүн болгонун, GPS-модуль аркылуу телефонго кабарлайт.

Бул экзоскелет - абдан жөнөкөй. Кошумча серво же татаал механизмдер жок. Бирок натыйжалуу. Өндүрүштүк жаракаттарды алдын алууга жардам берет. Окуучулар интеллектуалдык күнөскана менен да тааныштырышты.

Темирлан Боранбай, «Билим-инновация» лицейинин 10-классынын окуучусу:

- Бул жерде сүрөттү Raspberry Pi ге жиберүүчү камера бар. Бизде CNN программасы бар. Бул жасалма интеллект. Ал өсүмдүктүн фото сүрөттөрү аркылуу ага кандай фактор керек экенин аныктай алат. Мисалы, топурактын нымдуулугу. Жасалма интеллект өз алдынча нымдуулук деңгээлин жогорулатып, жерди жылытып же көмүр кычкыл газынын деңгээлин жогорулатат.

Форумга чогулган балдардын мыктылары Улуттук илимдер академиясынын жаңы жаш изилдөөчүлөр академиясына киришет. Анын структурасы жаш окумуштуулар кеңешинин жана окуу-агартуу министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте иштелип чыккан.

Дидар Батрышев, Президент алдындагы Улуттук илим академиясынын вице-президенти:

- Бул академияга сапаттуу жана ыкчам демилге берүү үчүн анын түзүмү аныкталды. Бүгүнкү күндө ал эки органдан турат-коллегиалдуу жана аткаруучу. Коллегиалдуу органдын активдүү катышуучулары болот. Мисалы, форумдагы жаш таланттар. Бул-биздин шакирттерибиз жана устаттарыбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков