Түркмөнстанда килем токуу боюнча мелдеш өттү

Түркмөнстанда килем токуу боюнча мелдеш өттү

Түркмөнстандын борборунда килем токуу боюнча ири мелдеш өттү. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан келген он төрт чебер күч сынашты. Сынактын катышуучулары үч этапта өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Алар алгач көргөзмөгө даяр өнүмдөрүн сунушташты. Кийинчерээк килем токуп, жоопкерчилик менен жөндөмдүүлүктөрүн сынашты. Ал эми жыйынтыктоочу сынакта ыр окуп, дутар улуттук аспабынын коштоосунда ырдашты. Мелдеште Ахал аймагынан келген чеберлер алдыга озуп, жеңишке жетти. Белгилей кетсек, түркмөн килем токуу өнөрү 2019-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.


Огульмарал Аманджанова, «Түркменхалы» мамлекеттик бирикмесинин башкы адиси:


- Биз бул мелдешти чеберчиликтин чыныгы майрамына айландыруу үчүн болгон күчүбүздү жумшадык. Негизги максатыбыз — килем токуу өнөрүнүн сырларын өсүп келе жаткан муунга жеткирүү. Анткени ал биздин рухубуздун, тарыхыбыздын бир бөлүгү. Жаш кыздарыбыздын өнөргө болгон кызыгуусун көрүү биз үчүн абдан баалуу нерсе.


Бахаргуль Гылыджова, илем токуу көркөм өнөрканасынын чебери:


- Биздин чеберлерибиз жасаган килемдер үйлөргө, тойлорго көрк берет. Килем токуу бул бизге чоң энелерден, апалардан калган өнөр. Килем токууну апамдан үйрөндүм. Кыздарымды да бул өнөргө тарттым. Келечекте неберелериме да үйрөткүм келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков