Астанада президенттик институттун калыптануу менен өнүгүү тууралуу тарыхый көргөзмөсү ачылды

Астанада президенттик институттун калыптануу менен өнүгүү тууралуу тарыхый көргөзмөсү ачылды

Астанада президенттик институттун 35 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Көпчүлүктүн назарына сунушталган уникалдуу документтер, сейрек кездешүүчү сүрөттөр жана музей, архив жана китепкананын фонддорунан алынган баалуу буюмдар бул мезгилдин тарыхын көрсөтүп турат. Экспозицияга Президенттин администрациясы, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сунушталган материалдар, ошондой эле мамлекет башчысына берилген дипломатиялык белектер да киргизилген. Көз карандысыздык декларациясы менен эгемендүүлүк тууралуу конституциялык мыйзам көргөзмөгө коюлган. Келгендердин назарына 100дөн ашык экспонаттар сунушталат. Иш-чарага даярдык 3 айга созулду. Президенттик борбордогу көргөзмө бугу айынын 17не чейин уланат.

Игорь Рогов, Президент алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы:

- Масштабдуу көргөзмөдө ушул мезгилде кабыл алынган документтерди көрүүгө болот. Мен бул өтө маанилүү деп ойлойм. Философтордун айтымында, тарыхты билбеген өлкөнүн келечеги жок. Келечеги караңгы. Ошондуктан, уюштурулган көргөзмө документалдык маалымат жагынан абдан маанилүү. Көптөгөн маалыматтарды алууга болот. Бул бизге да, келечек муундарга да керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков